top of page
Поиск

Жүрөктөн чыккан сөздөр: 1-июньга балдар үмүткө толгон каттарды жазышты.

Обновлено: 1 июн. 2023 г.

USAIDдин «Кургак учук менен ооругандарды колдоо» долбоору «Кургак учук менен ооруган балдарга кайрылуу» акциясын уюштурду. Жалал-Абаддык балдар ооруканада жаткан кичинекей бейтаптарга колдоо көрсөтүү жана алардын сакайып кетишине ишенүү үчүн жакшы каалоо-тилектерге толгон каттарды жазышты. Кургак учук менен ооруган балдар эмне үчүн үйдөн жана жакындарынан алыс ооруканага жатышы керектигин түшүнүү кыйын экенин түшүнгөн балдар каттарды өзгөчө жылуу жана кылдаттык менен жазууга аракет кылышты.

Балдар каттардан тышкары, айыгып кетүү үмүтүн жана каалоолорун билдирүү үчүн түркүн түстүү сүрөттөрдү да тартышты. Алар кичинекей бейтаптар колдоого алынганын сезип, бул оор мезгилде аларды колдоого даяр адамдар бар экенин билишин каалашкан. “Мен сага ишенем, сен күчтүүсүң, бул күндөр да өтөт, кайгырба, батыраак айыгып кет, кел достошолу” - деген сыктуу кубаттаган, жылуу сөздөрүн жазышты балдар.

1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Жалал-Абаддык балдар да кичинекей бейтаптарга куттуктоолорду жана каалоо-тилектерин айтышты. Алардын каттары, сүрөттөрү жана жылуу сөздөрү балдардын ооруканадагы бош убактысын кооздоп, аларга кубаныч жана жылмаюу тартуулайт деп ишенишет.

"Кургак учук менен ооруган балдарга кайрылуу” акциясы ар кайсы жерден келген балдарды бириктирген боорукердиктин жана камкордуктун көрүнүшү болуп калды. Айрыкча оор учурларда колдоо жана өз ара түшүнүшүү маанилүү экенин эскертти.


26 просмотров0 комментариев
bottom of page